SerepTV Logo

Нарында 80 жаштагы изделип жаткан карыя дагы деле табыла элек

Нарында 80 жаштагы изделип жаткан карыя дагы деле табыла элек
29-июнь күнү Нарын шаарынын 80 жаштагы тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Издөө учурунда аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Карыяны издөө бир нече күндөн бери райондук ӨКБнын куткаруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө. Бүгүн да издөө иштерин жүргүзүүгө Ак-Талаа райондук жалпы 25 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.