SerepTV Logo

Нарында 56 жаштагы жаран дайынсыз болууда. Аны Жумгал суусунан издөөдө майнап чыкпай жатат

Нарында 56 жаштагы жаран дайынсыз болууда. Аны Жумгал суусунан издөөдө майнап чыкпай жатат

Нарында 56 жаштагы жаран дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

24-февраль күнү Жумгал районунун Байзак айылынын 56 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 28-февраль күнү жоголгон жарандын туугандары Жумгал суусунан издеп берүүнү суранып, арызы менен кайрылышкан.

1-март күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 35 киши жана ИИМден 4 кызматкер тартылып, издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери уланууда.