Нарында 500 миң сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды
Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Нарын шаарында баасы 500 миң сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Алсак, Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жогорудагы жер тилкеси менчикке чыгарылып кеткен. Бул факты Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Аны менен катар, прокуратура тарабынан Нарын облустук Административдик жана Нарын шаардык сотторуна мэриянын чечимин жана жер тилкелерине берилген укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгарууга доо арыз киргизилген. Доо арыздар бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылып, жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылган.