Нарында 39 жаштагы киши дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болууда. Жансыз денеси дарыядан изделип жатат
30-июль күнү Нарын районунун Учкун айылынын 1982-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин ИИМдин кызматкерлери жана туугандары биргеликте өз алдынча издешкен.
Кечээ, 16-август күнү ӨКМге туугандары кайрылып, Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес, бүгүн издөө иштери уланууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68435,68436"]