Нарын облусунда жер титиреди
Кечээ, 22-мартта болжол менен саат 16:45 чамасында Нарын облусунда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Анын күчү Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.