SerepTV Logo

Нарын дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси агып баратканын айтышкан. Бирок сөөк табыла элек

Нарын дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси агып баратканын айтышкан. Бирок сөөк табыла элек
"102" кызматына Нарын дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси агып баратканын айткан маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине 4 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 14-октябрь күнү издөө иштери улантылат.