Нарын дарыясына чөгүп кеткен кишинин жансыз денеси табылды
Нарын дарыясына чөгүп кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөч кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык тууралуу маалымат куткаруучуларга кечээ, 15-апрелде түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 17:55те Нарын шаардык №16 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.
Учурда анын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен. Азырынча ал адамдын өздүгү тактала элек.