SerepTV Logo

Нарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы жигит изделип жатат

Нарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы жигит изделип жатат

Нарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы жигит изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 22-июлда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылында аймагындагы Мыкачы тилкесинде 2003-жылы туулган жаран Нарын дарыясына түшуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ак-Талаа райондук №47 Өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу тартылган.