SerepTV Logo

Мыкаачылык менен сабалган адам тартылган видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат

Мыкаачылык менен сабалган адам тартылган видео боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБге Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, видеодогу жаран Жалал-Абад ШИИБге алып келинген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Бүгүн, 7-июнда социалдык тармактарга мыкаачылык менен сабалган кишинин видеосу тараган эле. Ал Жалал-Абад облусунда тартылган деп божомолдонуп, бирок так убактысы белгисиз болчу. https://youtu.be/iKqfEPV49JI
edita