SerepTV Logo

Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Алмамбет Салиев сотко жеткирилди (видео)

Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Алмамбет Салиев сотко жеткирилди (видео)
Бүгүн, 18-июнда Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Алмамбет Салиевдин баш коргоо чарасын карайт. Ал сотко жеткирилди. Төрагалык кылуучу сот — Туратбек Бекенов. https://youtu.be/FWK1viJ8pFw Алмамбет Салиев кечээ, 17-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкенин маалымдаган.
edita