SerepTV Logo

Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган Алмамбет Салиевдин тарапташтары митингге чыгышты

Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган Алмамбет Салиевдин тарапташтары митингге чыгышты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратында президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Митингчилер анын бошотулушун талап кылышууда. Бүгүн сот Алмамбет Салиевдин баш коргоо чарасын тандайт.

Кечээ, 17-июнда Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкенин маалымдаган.

edita