SerepTV Logo

Мыйзамсыз баюуга шектелген бажычы Нурбек Айтмаматов үй камагына чыгарылды. Ал мамлекетке 74 миллион сом которгон

Мыйзамсыз баюуга шектелген бажычы Нурбек Айтмаматов үй камагына чыгарылды. Ал мамлекетке 74 миллион сом которгон
Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Тактап айтканда, Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарды. Шаардык соттун берген маалыматына караганда, Нурбек Айтмаматов мамлекетке келтирилген 100 миллион сом чыгымдын 74 миллион 517 миң сомун казынага которгон. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов УКМК тарабынан 10-июнда кармалганы белгилүү болгон. Ага Жазык кодексинин 323-беренеси (мыйзамсыз баюу) менен айып тагылууда. 12-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, ал 10-августка чейин камакка алынган болчу.