Музыкант Викрам Рузахуновдун ден соолугуна оор залал келтирилгени аныкталды. Документтер Казакстанга өткөрүп берилет
Январь айындагы Казакстанда болгон башаламандыктан укук коргоочулар тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди.
"Бүгүн Ленин РИИБи менин ишим боюнча иликтөө ишин жыйынтыктап, бизди материалдар менен тааныштырды. Экспертизанын жыйынтыгында менин ден соолугума оор залал келтирилгени аныкталган. Чогултулган материалдар күнөөлүүлөрдү жазага тарттыруу максатында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аркылуу Казакстандын тийиштүү органдарына жиберилет", - деп жазган музыкант.