SerepTV Logo

Балдар аянтчасында кызга кол көтөргөн эркектин окуясы. Милиция 13 күндөн бери териштирүү бүтө электигин айтат

Балдар аянтчасында кызга кол көтөргөн эркектин окуясы. Милиция 13 күндөн бери териштирүү бүтө электигин айтат
Кечээ, 27-июль күнү социалдык тармактарга Бишкектеги соода борборлорунун биринде балдар оюн зоок жайында мушташкан балдарды ажыраткан кызга кол көтөрүп, коркуткан эркек кишинин видеосу жарыяланган. Маалыматка ылайык, окуя Ала-Арча соода борборунда орун алып, жабырлануучу 14-июль күнү райондук милиция бөлүмүнө кайрылган. Бирок 12 күндөн бери эч кандай жыйынтык болбой жатканын жабырлануучу билдирген. Аталган окуя боюнча Ленин РИИБ төмөнкүдөй маалымат берди. - Аталган окуя боюняа 14-июль күнү Ленин РИИБге шаар тургуну А.Ч. арыз менен кайрылып,  балдар оюн-зоок аянтында кечки саат 18:10 чамасында мушташкан балдарды ажыратканда белгисиз жаран ага кол көтөрүп коркутканын айткан. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.