SerepTV Logo

Мурунку вице-мэр Азиз Алымкуловго карата соттун өкүмү чыкты. Ал кандай жаза алды?

Мурунку вице-мэр Азиз Алымкуловго карата соттун өкүмү чыкты. Ал кандай жаза алды?
Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-майда мурунку вице-мэр Азиз Алымкуловго карата өкүм чыгарды. Ал борбордун вице-мэри болуп 2019-жылдын февраль айынан тарта 2021-жылдын февраль айына чейин эмгектенген. 31-мартта Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Алымкулов 31-майга чейин камакка алынган болчу. Тергөөнүн маалыматына караганда, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, кымбат баалуу жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан. Соттун токтомундагы маалымат боюнча, Алымкулов күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, айып салууну суранган. Жыйынтыгында сот аны Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салды.
edita