«Ажырашканыбызга карабай, сабап, унаамдын айнегин чагып салды» деген келиндин күйөөсү кармалды
Мурунку аялын сабаган адам Чүй облусунда кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга келин кайрылып, аны Кырман айылында саат 08:25 чамасында мурунку жолдошу сөгүп, сабап баштаганын айткан.
Келинге мурунку жолдошу келип, уюлдук телефонун тартып алганы, эртең менен арыз ээси жана анын эжеси телефонду алуу үчүн ага барышканы, бирок эркек киши аны сабап, телефонун жана унаасынын айнектерин талкалап салганы маалым болгон. Бул факты боюнча тергөө иштери уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү ички иштер башкармалыгына алып келинген.
Кечээ, 8-июнда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине адвокат Шердор Абдыкапаров кайрылып, 4 баласы бар келиндин мурунку жолдошу тарабынан ур-токмокко алынганын маалымдаган эле.