SerepTV Logo

Мурунку аялын көчөдө сабаган кишинин видеосу тарады. Милиция маалымат берди

Мурунку аялын көчөдө сабаган кишинин видеосу тарады. Милиция маалымат берди
Мурунку аялын көчөдө сабаган киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-сентябрда болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына эркек кишинин аял кишини сабап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Жерине барган милиция 1990-жылы туулган жаран менен анын 1988-жылы туулган мурдагы жубайы экөө урушуп кетип, кесепетинен аялды сабап салганын аныктаган. Жаран кармалып, тергөөгө жеткирилген.