Атамбаевге Бишкектеги массалык башаламандык боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме берилди
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилди. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине адвокат Замир Жоошев тастыктады. Анын айтымында, кеп 9-октябрь боюнча болуп жатат.
"Алмазбек Атамбаев ал күнү элди чогулткан эмес, чогулган элдин алдына барып сөз сүйлөгөн. Мурдагы президент элдин алдында сөз сүйлөгөн, бул башаламандыкка түрткү болгон деп жазылган экен", - деди ал.
Ал эми бул боюнча адвокат Сергей Слесарев менен байланышканыбызда, акыркы билдирме 8-сентябрда келгенин, анда Атамбаевдин 5-6 жана 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурууга шектүү экени жазылганын билдирди.
"Биринчи билдирмеде Атамбаевдин 4-5-6-9-октябрдагы башаламандыкты уюштурууга шектелип жаткандыгы тууралуу жазылган. Ал эми экинчисинде 5-6 жана 9-октябрдагы деп келген. Ал эми фамилиялар боюнча, ал жакта Темирлан Султанбеков, Канат Сагынбаев, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязовдун да аты-жөнү жүрөт. Бул жакта фамилиясы аталгандардын айрымдары ал күндөрү эл алдына чыгып сүйлөшкөн да эмес", - деди ал.