SerepTV Logo

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов менен жубайы үй камагына чыгарылды

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов менен жубайы үй камагына чыгарылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов менен жубайы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, алар 2-июнга чейин үй камагында болот. Буга чейин УКМК маалымат таратып, Султанбай Айжигитов менен жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, Айжигитов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган. "Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда мамлекеттик кызматка ушундай мамиле кылган. Эки жолу тең Айжигитов аялын мыйзамсыз ишке орноштурган, тагыраагы Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу «Төрт-Гүл» мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөн",- деп айтылган маалыматта.
edita