SerepTV Logo

"Мурда соттолгон". Бишкекте сойкулук уюштурган шектүү кармалды

"Мурда соттолгон". Бишкекте сойкулук уюштурган шектүү кармалды
Бишкекте сойкулук жана ыпластык иштерди уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 22-февраль күнү мурда соттолгон жарандын интим кызматын уюштуруу боюнча туруктуу схема уюштургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар же жогу текшерилип жатат.
edita