SerepTV Logo

Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү

Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү
Борбор калаанын Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, баланын жансыз денеси бүгүн, 17-мартта үйүнөн табылган. Ата-энелери үйдө жок болгон. "Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек милициясынын жетекчилиги кетти. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө, тергөө иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет", - дешти басма сөз кызматынан.  
Unknown Author