SerepTV Logo

"Моюнга сайган". Чүйдө чет өлкөлүк жаран кармалды

"Моюнга сайган". Чүйдө чет өлкөлүк жаран кармалды
Чүйдүн Москва районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 23-февралда Москва РИИБге аймактык ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1985-жылы туулган жарандын бычакталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган. Бул факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1986-жылы туулган чет өлкөлүк жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. Садовое айылында 22-февралда саат 20:30 чамасында эки жаран спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ортосунда пикир келишпестик болуп, бири экинчисин канцелярдык бычак менен менен мойнуна сайган. Аталган окуя боюнча тергөө уланып жатат.
edita