SerepTV Logo

Москвадагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт кыргызстандык эки наристенин өмүрүн алды

Москвадагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт кыргызстандык эки наристенин өмүрүн алды
22-майда Москва облусунун Мытищи шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эки кыргызстандык наристе көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Алар беш жана жети жаштагы балдар экени айтылды. Бул факты боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин Мытищи шаарындагы бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Москва облустук прокуратурасы аталган кылмыш ишин иликтөөнү көзөмөлүнө алганы белгиленет. Элчиликтен азыркы тапта балдардын сөөгүн мекенине алып келүү иштери уюштурулуп жатканын айтышты.
edita