SerepTV Logo

Москвада мекендешин уурдап, 2 миллион рублга жакын акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Москвада мекендешин уурдап, 2 миллион рублга жакын акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Москвада адам уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында криминалдык авторитеттин атынан иш алып барган, мекендештеринен опузалап талап кылган жана ишкердик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдөөгө аракет кылып жаткан куралдуу уюшкан кылмыштуу топ жөнүндө ыкчам маалымат келип турган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган жаран башкаргандыгын аныкташкан. Бул жаран мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, криминалдык чөйрөдө “Карагер” каймана аты менен белгилүү. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары жана Москва облусу боюнча башкы башкармалыктарынын ыкчам бөлүмдөрүнө тиешелүү маалыматтар берилген. Укукка каршы аракеттерди аныктоо, бул топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. 10-июнда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз жараны кайрылып, түн ичинде “Кузьминки” паркынын аймагында белгисиз адамдар 32 жаштагы жакын тууганын күч менен унаага отургузуп, андан кийин белгисиз тарапка алып кетишкенин, ушул убакка чейин анын жүргөн жери белгисиз экендигин билдирген. Москва шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжасында ижарага алган батирден 1990-жылы туулган жабырлануучу табылган. Аны эркине каршы кармашып, туугандарынан 1 миллион 800 миң рубль талап кылышкан. Аталган батирден бул укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар, анын ичинде топтун лидери Нарын облусунда 1988-жылы туулган жаран кармалган. Кылмыштуу топтун лидеринен сырткары батирде Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тургундары, 19 жаштан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы 8 жаран болгон. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон 7 адам кармалган. Шектүү жарандарга тиешелүү болгон Hyundai, Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаалар, Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган. Кармалган жарандарга карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пункту жана 163-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пунктунда (уюшкан кылмыштуу топ жасаган адам уурдоо, уюшкан кылмыштуу топтун өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү алуу максатында зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуусу) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="117221,117220,117219,117217,117216"]