Москвада мас абалындагы кыргызстандык жигит полиция кызматкерлерине кол салды
Москвада мас абалындагы мигранттарды кармоо учурунда эки полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Царицыно аймагында болгон. Чакыруу боюнча барган полициянын отряды Борбор Азиядан келген эки адам үйдүн короосундагы балдар аянтчасында спирт ичимдиктерин ичип отурганын аныкташкан. Алар мас абалында болушкан. Аларды кармоого аракет кылганда орой сөздөрдү айтып, укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан. Тартип бузгандардын бири полиция кызматкерлерин колу-буту менен чаап баштаган, ошондой эле алардын биринин таякчасын алып алган. Кармалгандардын бири 28 жаштагы Кыргыз жараны болсо, экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Кыргыз жараны, ошондой эле полиция кызматкерлери ар кандай жаракаттар менен ооруканада жатат. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.