Москвада адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды
Москвада өз мекенинде оор кылмыштарды жасаган делип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Мекемени маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун тургуну 27 жаштагы Ж.Т. Таш-Көмүр шаарынын милициясы тарабынан токмоктолгон жана ден-соолукка зыян келтирген деген шек менен издөөдө жүргөн.
"2020-жылы күзүндө Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарынын биринде шектүү башка адамдар менен бирге жергиликтүү тургунду негизсиз сабап, андан кийин кылмыш болгон жерден качып кеткен. Мындан улам ага Кылмыш-жаза кодексинин "Ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон. Ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Көрсө, буга чейин ал кылмыш жоопкерчилигинен качып, чет өлкөдө жашынып жүргөн экен. Ошондой эле тергөө учурунда шектүүнүн дагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп билдиришти ИИМден.