SerepTV Logo

Москвада 23 жаштагы Кыргыз кызы зордукталганын билдирди

Москвада 23 жаштагы Кыргыз кызы зордукталганын билдирди
Москвада 23 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталганын билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Ал полицияга билдиргендей, кылмыш 16-августка караган түнү Орусиянын баш калаасынын түштүгүндө болгон. Анын айтымында, көчө шыпыргыч (болжол менен кыргызстандык) тапанчага окшош буюм менен коркутуп, кызды турак жайдын таштанды чыгаруучу бөлмөсүнө алып кирип, кордогон. Шектүү кармалып, кылмышын мойнуна алган.