SerepTV Logo

Москвада 22 жаштагы Кыргыз жигити поезддин алдына боюн таштады. Учурда ага операция жасалып жатат

Москвада 22 жаштагы Кыргыз жигити поезддин алдына боюн таштады. Учурда ага операция жасалып жатат
Орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 7-декабрда кыргызстандык жигит поезддин алдына боюн таштаганын жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен ал жаран тууралуу маалымат беришти. "7-декабрда Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына тыштаган Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын элчилик тактап жатат. Учурда 1999-жылы туулган Кыргыз жаранына Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда. Элчиликтин кызматкери ооруканага жөнөтүлдү. Кыргыз жаранына керектүү жардам көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.