SerepTV Logo

Москва районунда мектепти өрттөөгө шектелген жаран кармалды

Москва районунда мектепти өрттөөгө шектелген жаран кармалды
Москва районунда мектепти өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 8-январда Москва РИИБге мектеп директору арыз менен кайрылган. Ал таңкы саат 04:30 чамасында Москва районунун Ак-Суу айылында жайгашкан мектептин имаратына белгисиз адамдар кирип, эшиктерин талкалап, 2-3-кабаттарда жайгашкан бөлмөлөрдүн пардаларын өрттөшкөнүн айткан. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон, 1998-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.