SerepTV Logo

Молдовановкада абактан качып бараткандардын бири кармалып, бири каза тапты

Молдовановкада абактан качып бараткандардын бири кармалып, бири каза тапты
Эркиндигинен ажыратылган жарандар №27 түзөтүү абагынын негизги тосмосунан качып чыгууга аракет кылган. Жазалардык аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, окуя бүгүн, 26-майга караган түнү саат 02:40 чамасында Чүйдөгү Молдовановка айылында болгон. Түзөтүү абактарын күзөтүү боюнча департаменттин аскер кызматкери камактагы жарандар — 1963-жылы туулган жана 1999-жылы туулган жарандар тыюу салынган аймакта жүргөнүн көрүп, алгач эскертүү кылган. Андан кийин ок чыгарган. Камактагы жарандын бири кармалып, бири көз жумду. Жазалардык аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экөө оор кылмышка — адам өлтүрүү жана өспүрүмдү зордуктоого айыпталып соттолгон. Бири 10 жылга, бири 21 жылга эркиндигинен ажыратылган болчу. Тергөө жүрүп жатат.
edita