SerepTV Logo

Бостери айылынын «смотрящийи» алдамчылыкка шектелип кармалды

Бостери айылынын «смотрящийи» алдамчылыкка шектелип кармалды
Алдамчылык фактысы боюнча Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 22-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө "Мокинтош" каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылынын «смотрящийи» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды. 2020-жылы ал Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз жаранынан 5 миң доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Камчы Асанбекке (Көлбаев) өткөрүп берген.