SerepTV Logo

"Митинг болуп, ажоңор кача турган болсо, учакты таштап кетсин" деп жазган жаран кармалды

"Митинг болуп, ажоңор кача турган болсо, учакты таштап кетсин" деп жазган жаран кармалды
Кечээ, 10-декабрда массалык баш аламандык уюштурууга элди үндөгөн Фейсбук колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (массалык баш аламандык) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык башаламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбоого чакырыктарды дайыма жарыялап турган Фейсбук социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, 1983-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонуучу купуялык сырларын колдонуп келген, башкача айтканда фейк аккаунтун колдонгон. Анын жашаган жеринде ыкчам тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="218308,218309,218310"]