Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кармалды. Ал эки апта мурда эле кызматка келген
"20-майда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы арада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт", - деп айтылат маалыматта.
УКМК мөөнөтүн узартуу жөнүндө оң чечим алуу үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча "Коопсуз шаар" долбоорунун 2-этабын ишке ашырган чет элдик компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган болчу. Азамат Дыйканбаев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда эле дайындалган болчу.