"Минип кеткен аты келип, өзү жок". Нарында мал издеп кеткен адам изделүүдө
Нарында мал издеп кетип, үйүнө кайтып келбеген жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
"Кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесине 1972-жылы туулган жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген. Мындан улам жерине 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн, 29-июнда буга кошумча саат 11:00дө 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган. Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.