Милициянын кызматтык унаасы менен жол кырсыкка кабылган шектүү кызматкер камакка алынды
Бишкек-Торугарт жолундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кызматкер камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
11-июнь күнү саат 20:30да милицияга Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда Бишкек-Торугарт жолунун 12,3-чакырымында Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү кызматтык унаанын айдоочусу Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, жол кырсыгына кабылган унаалар токтотуучу жайга киргизилген.
Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы, 2013-жылы, 2016-жылы, 2021-жылы жана 2022-жылы туулган жарандар болгон. Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун аты-жөнү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты болуп чыккан. Аталган унаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган эки жаран болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар көрүлөт.