SerepTV Logo

"Талаада канга боёлгон абалда жатам". Милицияга кызды уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн

"Талаада канга боёлгон абалда жатам". Милицияга кызды уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн
Бишкекте 20 жаштагы кыз мас абалында өзүн уурдап кетишкени жөнүндө жалган айткан. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 19-апрель күнү болжол менен саат түнкү 02:45тер чамасында 102 кызматына Бишкектеги Үч-Терек көчөсүнөн 2001-жылы туулган кызды белгисиз адам Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасына салып Кара-Балта тарапка алып кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда аталган факты тастыкталган эмес. Бирок алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыздын 102 кызматына чалган классташы 19-апрелде саат 22:40тан 00:30 чамасына чейин алар Үч-Терек көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасында классташтары менен чогуу спирт ичимдигин ичишкенин айтып берген. «Андан кийин классташ кыздары чогуу такси кызматын чакырышып, Ак-Өргө конушуна кетишкен. Жанындагы эки кыз үйүнө жетип, бир классташ кызы Кара-Балтага үйүнө кеткен. Болжол менен 40-50 мүнөттөн кийин классташы ага чалып талаада канга боёлгон абалда жаткандыгын айтып, андан кийин уюлдук телефону өчүп, байланышка чыкпаганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-беренеси "Адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кыз шаар аймагынан аман-эсен өзүнүн 1996-жылы туулган досу менен жүргөн жеринен табылган. Бардык жагдайларды текшерүү үчүн кыз Ленин РИИБине жеткирилген. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө кыз уурдоо тууралуу мас абалында болгон үчүн айтып койгону жана досу менен чогуу жүргөнү аныкталган", - деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.
Unknown Author