Милиция унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жигитти издеп жатат (видео)
Социалдык тармакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн унаанын айнегин сындыра тепкен жигиттин видеосу тарады. Видеодон окуя Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналы менен кесилишкен жерде болгонун көрүүгө болот.
Окуя боюнча Чүй ОИИБден жигиттин изделип жатканын билдиришти. "Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, BMW унаансынын алдыңкы айнегин сындырган адамдын аты-жөнү такталып жатат. Факты каттоого алынды", - деп айтылат маалыматта.