Милиция Орусия менен Кытайдын элчилигинде бомба табылбаганын билдирди
Бүгүн, 5-июлда милиция Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратын курчоого алган. Бишкек ШИИБ окуя тууралуу маалымат берди.
Маалыматка караганда, саат 10:45 чамасында "102" кызматына Орусия менен Кытайдын элчилигине бомба коюлганы айтылган. Жеринде иш алып барган милиция кызматкерлери жана саперлор эч кандай жардыруучу зат табышкан эмес. Аталган факты Ленин РИИБ менен Биринчи Май РИИБге катталган.