SerepTV Logo

Милиция ооруканада көз жумган кары аялдын атын тактоого жардам сурайт

Милиция ооруканада көз жумган кары аялдын атын тактоого жардам сурайт
23-октябрда Тез жардам кызматы Бишкектеги Тыныстанов көчөсүнөн 75-80 жаштагы аял кишини Улуттук хирургия борборуна жеткиришкен. Кары аял эсине келбей, ошол борбордо көз жумган. Факты Ленин РИИБге катталган. Милиция каза болгон жарандын аты-жөнүн тактап, жакындарын табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: бою 150-155 сантиметр, арык, мурду кырдач, чачы ак жана узун. Өзгөчө белгилери: курсагында 4-5 сантиметр тырыгы бар, үстүнкү жаагындагы тиштери жок. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 номурларына же "102" кызматына кабарлап койсоңуздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="97118,97116,97117"]