SerepTV Logo

Милиция кызматкерлери далил катары алынган баңгизатты уурдоого шектелүүдө

Милиция кызматкерлери далил катары алынган баңгизатты уурдоого шектелүүдө
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышканы аныкталган. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти. Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин айрым кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан. Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.