Милиция кызматкеринин атын жамынып, пара талап кылган шектүү кармалды
Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин жалган кызматкери жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-мартта 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда эки кыргыз жараны кармалышты. Такталгандай, кармалган жаран жана анын шериги менен биргеликте өзүлөрүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБ кызматкери катары тааныштырышып, Сокулук районунун жашоочусун мыйзамсыз ортомчулук иштерин кылууга айыптап, иш ачабыз деп коркутуп, 5 миң доллар талып кылышкан. Буга чейин кармалгандардын бири арыз ээсинен 190 миң сом жана миң доллар алган.
Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.