SerepTV Logo

Милиция кармалган бийчи Жан Воинов боюнча маалымат берди

Милиция кармалган бийчи Жан Воинов боюнча маалымат берди
Бишкектин Биринчи Май РИИБи кармалган бийчи Жан Воинов боюнча маалымат берди. Маалыматка караганда, ал бейбаштык фактысына шектелип кармалган. "30-июнда Биринчи Май РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж., аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган В.Ж., аттуу шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",- деп айтылат маалыматта.
edita