SerepTV Logo

Милиция журналисттер менен активистке карата коркутууларды териштире баштады

Милиция журналисттер менен активистке карата коркутууларды териштире баштады
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда "Factcheck.kg" сайтынын журналисттери менен активист Улан Үсөйүнгө карата коркутуп-үркүтүүлөр боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, коркутуу фактысы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене («Майда бейбаштык») менен катталып, азыркы тапта билдирүүлөр текшерилип жатат. Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун Фейсбук социалдык тармагында Али Абдразаков аттуу колдонуучу "Factcheck.kg" сайтынын журналисттери менен жарандык активист Улан Үсөйүндү Ошко келтирбөө керектигин айтып, коркутуп-үркүтүүлөр коштолгон билдирүү жазган. Мындан улам соцтармак колдонуучулар журналист менен активисттин өмүрүнө кооптонуп, сын пикирлерди айтып чыгышкан.  
Unknown Author