SerepTV Logo

Милиция: "Бишкекте маршруткада телефон уурдаган 3 чөнтөкчү кармалды"

Милиция: "Бишкекте маршруткада телефон уурдаган 3 чөнтөкчү кармалды"
Бишкекте чөнтөк уурулук фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 16-октябрда Биринчи Май РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 08:30 чамасында Манас проспектисинде кичи автобуста 2007-жылы туулган тууганынын шымынын чөнтөгүнөн 12 миң сомдук Redmi9C үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен билдирген. Телефонду уурдагандар качып кетишкен. Фактынын негизинде 205-берене (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001 жана 2002-жылы туулган 2 жаран аныкталып, кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн биринен телефон далил катары табылып, жабырлануучуга кайтарылды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="209354,209353,209355,209352"]