Михайловкада эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Сөөгү табыла элек
Кечээ, 30-июнда ӨКМге Ысык-Көлдөгү Михайловка дачасында эркек киши көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. 1-июль күнү иш-чара улантылат.