SerepTV Logo

Мэрия кызматкерлери ээсиз калган батирлерге кирип алганы аныкталды

Мэрия кызматкерлери ээсиз калган батирлерге кирип алганы аныкталды
Ээсиз калган батирлерди мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин Тергөө кызматы КЖБРга Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш ишти иликтеп жатат. Анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээсиз калган батирлер деп таанылган. Бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болчу. Бирок 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан бир батир Свердлов районунун Муниципалдык техникалык башкармалыгынын жетекчиси М.А.га мыйзамсыз берилген. М.А. бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда. Андан сырткары соттун чечими менен ээси жок деп эсептелген 34 батир аныкталып, алардын бешөөсүндө  Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматтарды ээлеген айрым чиновниктери жашап жаткандыгы аныкталды. ИИМ тарабынан калган батирлердеги жашоочулардын өздүгүн аныктоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн аларды ИИМдин Тергөө кызматына алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Unknown Author