Мелис Аспековго козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум 22-июнга жылдырылды
Жарандык активист Мелис Аспековго карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук отурум 22-июнга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иш боюнча күбөлөрдүн бири суракка алынып, башка күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу соттук отурум 22-июнь саат 15:00гө жылдырылган. Ошондой эле, соттун чечимине ылайык, кылмыш иши боюнча сот жараяны 15-августка чейин узартылды.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы каралып, 20-июлга чейин камакка алынган.