SerepTV Logo

Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды

Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды
Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты. Маалыматка караганда, ал 27-ноябрга чейин камакта болот. Мелис Аспеков буга чейин акча опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ушул жылдын май айында президенттен ырайым сурап эркиндикке чыккан болчу.