SerepTV Logo

Жарандык активист Мелис Аспеков СИЗО-1де калтырылды

Жарандык активист Мелис Аспеков СИЗО-1де калтырылды
Бишкек шаардык соту Мелис Аспековдун адвокатынын доо арызын карап, аны канааттандырган жок. Тактап айтканда, ал 20-июлга чейин СИЗО-1де болот. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы каралып, 20-июлга чейин камакка алынган.
edita