Мекендештерин Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирип жүргөн пакистандыктар кармалды
Мекендештерин Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирип жүргөн пакистандыктар кармалганын Чүй ОИИБден билдиришти.
"Кармалган шектүүлөр 2 миң долларга мекендештерине виза жасап берип, Кыргызстанга алып келгенден кийин эксплуатациялашкан. Ошондой эле мигранттардын алган айлыгын өздөрүнө алып турганы маалым болду", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул ишке шектелип чет өлкөнүн 3 жараны кармалган. Мындан тышкары, укук коргоо кызматкерлери визасынын мөөнөтү өтүп кеткен Пакистан менен Непалдын 13 жаранын аныктап, аларга айып салышкан.